Фемофлор 16
Былжыр челден жана териден тырмаФемофлор 16 — аялдардын заара-жыныс жолдорундагы микрофлоранын сапаттык жана сандык курамын кеңири изилдөөгө арналган молекулярдык-биологиялык тест. Изилдөө жалпы бактериялык массаны, нормофлоранын абалын баалоону, ошондой эле клиникалык мааниге ээ болгон шарттуу-патогендик микроорганизмдердин кеңири спектрин, анын ичинде микоплазмаларды, уреаплазмаларды жана Candida тукумундагы козу карындарды аныктоону камтыйт.
Изилдөөгө төмөнкү көрсөткүчтөр кирет:
• Жалпы бактериялык масса
• Lactobacillus spp.
• Enterobacterium spp.
• Streptococcus spp.
• Staphylococcus spp.
• Gardnerella vaginalis / Prevotella bivia / Porphyromonas spp.
• Eubacterium spp.
• Sneathia spp. / Leptotrichia spp. / Fusobacterium spp.
• Megasphaera spp. / Veilonella spp. / Dialister spp.
• Lachnobacterium spp. / Clostridium spp.
• Mobiluncus spp. / Corynebacterium spp.
• Peptostreptococcus spp.
• Atopobium vaginae
• Mycoplasma hominis
• Mycoplasma genitalium
• Ureaplasma urealyticum (urealyticum + parvum)
• Candida spp.
Изилдөө репродуктивдүү курактагы аялдар үчүн гана маалыматтуу болуп саналат.
Аялдарга изилдөөнү (урогениталдык мазок алуу же заара чогултуу процедурасын) этек кир келгенге чейин же ал бүткөндөн кийин 2–3 күн өткөн соң жүргүзүү сунушталат.