Бала жана кыз

Бала жана кыз

Бул ар бир келечектеги ата-эне үчүн толкундаткан жана маанилүү суроо.  Кээ бирөөлөр бул сырды сактап, же тууганга чейин сүйүнчү белек кылууну каалашат. Башкалар болсо чыдамсыздык менен баланын жынысын билүүнү, ысым тандап, кийимдерди түсүнө карап сатып алууну күтүшөт.  

Aqua Lab лабораториясында сиз балаңыздын жынысын кош бойлуулуктун  10-жумасынан  кийин биле аласыз!   

Неинвазивдүү жынысты аныктоо (скрининг тест).

Бул тест эненин каны аркылуу жүргүзүлөт жана аялга да, түйүлдүккө да таптакыр коопсуз. Бардыгы үчүн керектүү нерсе — стандарттуу кан үлгүсү, атайын даярдык талап кылынбайт. Кош бойлуу аялдын канында түйүлдүктүн ДНКсы бар, андан Y-хромосоманын маркерлерин изилдешет. Эгер Y-хромосома бар болсо — уул, эгер жок болсо — кыз болот.

Ошондой эле, Aqua Lab да  түйүлдүктө мутациялардын бар-жогун текшерүү үчүн Неинвазивдүү пренаталдык тесттерди (НИПТ) жүргүзсө болот.

Бул изилдөөлөр генетикалык бузулуулардын мураска өтүү коркунучу бар учурда зарыл, эгерде ата-энелерде же жакын туугандарында мындай мутациялар болсо, эгерде эненин жашы 35тен жогору болсо, же мурдагы кош бойлуулуктарда түйүлдүктө хромосомалык патологиялар аныкталган учурларда сунушталат. 

Ошондой эле, НИПТ келечектеги ата-энелер ымыркайдын ден соолугуна максималдуу ишенүү үчүн өткөрүлөт. Изилдөөлөрдүн так баалары менен таанышуу үчүн «Анализдер  Жана баа»  бөлүмүндөгү «Пренатальная Диагностика» бөлүмүнө өтсөңүз болот.

Не добавлены теги.