Организмдин суюктуктарын микробиологиялык изилдөө

1 700 с

Организмдин суюктуктарын микробиологиялык изилдөө автоматтык бактериологиялык анализатордо төмөнкүдөй жүргүзүлөт: үлгү атайын стерилдүү, чөйрөсү бар флаконго салынып, азыктандыруучу чөйрөлөргө жайгаштырылат жана аппаратка жөнөтүлөт. Анализатор флакондорду 5–7 күн бою инкубациялап, байкап турат. Бул мөөнөт өткөндөн кийин терс жыйынтык автоматтык түрдө чыгарылат. Оң жыйынтык чыккан үлгүлөр тандалып алынып, микроорганизмдерди аныктоо жана антибиотиктерге сезимталдыгын текшерүү үчүн кайра азыктандыруучу чөйрөлөргө себилет, бул үчүн кошумча 3–5 күн талап кылынат.

 

Изилденүүчү биоматериал: ликвор (жүлүн суюктугу), плевралык, муундук, синовиалдык суюктуктар.

 

Контейнер: педиатриялык, аэробдук флакон (Аквалабдын каалаган биоматериал алуу пунктунан алынат).

 

Көңүл буруңуз! Биоматериал лабораторияда алынбайт, процедура дарыгер тарабынан атайын шарттарда жүргүзүлөт.