Протеин С

Кан
3 000 с

Кандагы протеин С деңгээлин аныктоого багытталган изилдөө — тромбоздордун жана тромботикалык асқынуулардын мүмкүн болгон себептерин диагностикалоо үчүн жүргүзүлөт.

Изилдөө эмне үчүн колдонулат?

  • Протеин Стин концентрациясын же активдүүлүгүн аныктоо үчүн;

  • Тромбофилиялардын жана тромботикалык асқынуулардын себептерин аныктоодо протеин Стин деңгээлин баалоо үчүн;

  • Артериялык жана веноздук тромбоздордун (ар кандай локализациядагы), өзгөчө жаш адамдарда, мүмкүн болгон себептерин аныктоо үчүн;

  • Кош бойлуулук учурунда тромботикалык асқынуулардын себептерин диагностикалоо үчүн;

  • Жаңы төрөлгөн ымыркайларда тромботикалык асқынуулардын себептерин аныктоо үчүн, ошондой эле тубаса протеин С жетишсиздигин комплекстүү диагностикалоодо;

  • Кыйыр антикоагулянттар (варфарин) менен дарылоодо протеин Сти көзөмөлдөө үчүн;

  • Онкологиялык, ириңдүү-сезгенүү ооруларында жана сепсисте протеин Сти баалоо үчүн.

Изилдөө качан дайындалат?

  • Тромбоздордун себептерин аныктоо үчүн комплекстүү текшерүүдө (антитромбин III, протеин S ж.б. менен бирге);

  • Артериялык жана веноздук тромбоздордун клиникалык белгилери болгондо: миокард инфаркты, инсульт, өпкө артериясынын тромбоэмболиясы, төмөнкү буттардын терең веналарынын тромбозу, кичи жамбаш органдарынын тромбозу ж.б.;

  • Тубаса тромбоздордун белгилери байкалганда, протеин С жетишсиздигине шек туулганда;

  • Кош бойлуулуктагы патологияларда: преэклампсия, эклампсия, ДВС-синдром, түйүлдүктүн өсүшүнүн кечеңдеши, өз алдынча түшүк, кайталап түшүүлөр;

  • Кыйыр таасир этүүчү антикоагулянттар (варфарин) менен дарылоодо, ошондой эле варфариндик тери некрозу пайда болгондо;

  • К витамининин жетишсиздигинде жана боор ооруларында;

  • Онкологиялык, ириңдүү-сезгенүү ооруларында жана сепсисте.

Изилдөөгө чейин 24 саат ичинде рациондон майлуу тамактарды алып салуу.

Изилдөөгө чейин 30 мүнөт ичинде физикалык жана эмоционалдык жүктөмдөрдөн алыс болуу.

Изилдөөгө чейин 30 мүнөт ичинде тамеки чекпөө.