Астрая пренатальный скрининг

Кан
3 100 с

Astraia программасы FMF (Fetal Medicine Foundation — Түйүлдүк медицинасы фонду, Улуу Британия) үчүн иштелип чыккан продукт болуп саналат жана бул программаны колдонуу укугу аталган уюмга таандык. Программаны түйүлдүктөгү хромосомалык патологиялардын коркунучун эсептөө үчүн FMF уюмунун сайтында катталган, жарактуу FMF сертификаты жана программаны колдонууга тиешелүү лицензиясы бар адистер гана пайдалана алышат.

Astraia программасына кош бойлуулуктун мөөнөтүнө жараша биохимиялык көрсөткүчтөрдүн методго көз каранды медианалары жөнүндө маалымат киргизилген. Ошондуктан керектүү биохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн программа белгилүү бир технологияларды колдонууну талап кылат. Алардын катарына Roche компаниясынын Cobas e технологиясы кирет.

Кош бойлуу аялдын кан үлгүсүнөн аныкталган биохимиялык көрсөткүчтөр, анын жеке маалыматтары жана УЗИнин жыйынтыктары менен бирге Astraia программасында 21, 18 жана 13-трисомиялардын жеке коркунучун, ошондой эле преэклампсиянын, түйүлдүктүн өсүшүнүн кечеңдешинин жана мөөнөтүнөн мурда төрөттүн коркунучун эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Кан бергенге чейин 6 сааттан кем эмес тамак жебеңиз, таза, газсыз суу гана ичиңиз.